<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Себүүчү</title>
<lyrics>[V1]
 Себүүчү чыгат талаага,
 Үрөндү жерге сепкени.
 Эмгегин Кудай Таалага
 Ишеним менен бергени.

[V2]
 Күн ээрчип, мезгил уланат.
 Оор жумуш жүрүп жер менен.
 Талаасын дыйкан сугарат,
 Жамгырга кошуп, тер менен.

[C1]
   Кудайга артып ишеним,
   Эмгегиң кылсаң, талыкпай.
   Үзүрүн берет ишиңдин,
   Түшүмүң болот байма-бай.

[V3]
 Сен эми - Кудай баласы.
 Өмүрүң Ага берилген.
 Жүрөгүң - Кудай талаасы,
 Жараткан Сөзү себилген.

[V4]
 Бололу жумшак топурак,
 Жамгыры сөздүн каптаган.
 Бөлүшсөк, келсин топурап
 Жүрөктөр, аны самаган.

[C2]
   Биз - талаа, Кудай - себүүчү.
   Түшүмүн Кудай терсе экен.
   Ар бир сөз, Андан келүүчү,
   Дүйнөгө жарык берсе экен.

[B1]
   Дүйнөгө өмүр берсе экен.</lyrics>
<author>Мухтар Давлетов, Ырыс Чо</author>
</song>